Түлөбаев УКМКнын тергөө абагындагы эки өлүм боюнча: «Эгер бирөө өлтүрсө, алар жооп берет. Азыр эч нерсени жашыра албайсың»

10-июнда ооруканада эсине келбей саясат таануучу Марат Казакпаев каза болду. Ал бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан бейтапканага жеткирилген болчу. 18-июнга караган түнү «Айыл банктын» мурдагы бөлүм башчысы Бакыт Асанбаев кармалган камерасында асынган абалда табылды. Буга байланыштуу депутаттарга «Бир аптанын ичинде УКМКнын тергөө абагында эки өлүм катталды. Мындай окуя биринчи жолу орун алып отурат. Буга ким жооп бериши керек» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, жоопкерчилик боюнча комиссиянын чечиминен, экспертизанын жыйынтыгынан кийин гана айтуу керек. «Өлүм өтө чоң жоготуу. Эгер бирөө өлтүрсө, алар жооп берет. Азыр эч нерсени жашыра албайсың, өзүлөрү өлсө, чоң трагедия. Адам өлбөш керек», — деди ал.