«Тынчтык каалайм». Эмомали Рахмон Кыргыз элин Орозо Айт майрамы менен куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо Айт майрамы менен куттуктады.

«Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат Ислам дининин жогорку баалуулуктарынынын, анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле өз ара колдоонун негизинде эки элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгө берет», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.