Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди. Аны “Манас” аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Эрсин Татар Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.