Түрк элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктады

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктады. Мындан улам ал бүгүн президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду.

Мамлекет башчысы Жеңгиз Камил Фыраттын кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-түрк саясий диалогун өнүктүрүүгө кошкон салымын канааттануу менен белгиледи.

Түркия элчиси Жеңгиз Камил Фырат Кыргызстанда дипломатиялык кызматын өтөө мезгилинде анын жигердүү иштеши үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Ал өлкөлөр ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине канааттануу менен токтолуп, эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда өтө турган эл аралык иш-чараларды, алардын ичинен ТМККнын бейформал саммитин жана Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин жыйынын эске салды.

Жеңгиз Камил Фырат соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн түрк ишкерлеринин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатканын, ошондой эле Ысык-Көлдө кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Түрк элчиси президент Садыр Жапаровго өлкөдө саясий реформаларды жүргүзүүдө жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча жасаган иштеринде ийгиликтерди каалады.