«Түрк жаранын уурдап, анан Орхан Инандыга алмаштыралы». Депутат хайпка айланып кеткен сөзүнө түшүндүрмө берди

7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маалымат угуп жатканда эл өкүлү Марлен Маматалиев «Кинодон көргөндөй эле биз да бир Түрк жаранын уурдайлы. Анан Орхан Инандыга алмаштыралы» деген оюн айткан. Бул соцтармактын колдонуучулары тарабынан сынга алынып, депутаттын айткандары хайпка айланган. Марлен Маматалиев «СуперТВ» телеканалына бул сарказм менен айтылган ой экенин айтып, ага түшүндүрмө берди.

«Ал шайлоо кызуу жүрүп жаткан учур болчу. Менин оозумдан ушундай сөздөр чыгып кеткен үчүн кечирим сурайм. Анткени мен түрк лицейинде да окуп калгам да, мага классташтарым чалып, «Марлен бир ооз айтып койбойсуңбу, сен деле түрк лицейде окудуң эле, сен колдобойт экенсиң, бул жагы кинодогудай болуп кетти го» дешти. Айткан сөздөрү эсимде калыптыр, чарчап отурган учурда эстеп кетип, айта койгом. Бир аз сарказм кылып айттым эле, хайп кылып ийишти. Мен бул боюнча Түркияга учуп барып, хайпка хайп кылып, белгилүү бир актеру бар экен, ошону оюн катары алып келейин дегем. Кой деп койдум», — деди ал.