Түркиянын президенти дайынсыз жоголгон Орхан Инанды боюнча эмне деп айтты?

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Кыргызстан менен Түркиянын президенттери 31-майда Бишкекте түрк тектүү Кыргыз жараны Орхан Инанданын дайынсыз жоголушун талкууладыбы?» деген суроого жооп берди.

«Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайип Эрдогандан Кыргызстанда дайынсыз жоголгон Орхан Инанды жөнүндө сурады. Түрк президенти Орхан Инандыны тааныбайм, эч кандай маалыматым жок жана ФЕТӨ тарапкерлери жөнүндө эч нерсе уккум да келбейт деп жооп берди», — деди жергиликтүү маалымат каражаттарына президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Түрк лидери Жапаров менен жолугушууда ФЕТӨ темасын көтөргөнү белгилүү болду. Биргелешкен пресс-конференцияда ал жолугушуунун жүрүшүндө «террордук уюмдарга, анын ичинде ФЕТӨго каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле аймактагы кызматташтыктын аспектилери талкууланды» деди.