Түркияда операция жасаткан Исхак Масалиев жарым жылдан кийин жумушка чыкты

Түркияда операция жасаткан Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жумушка чыкты.

Ал бүгүн, 6-мартта парламенттин жыйынына келди.

Депутат Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештеги маалымат жыйында депутат Исхак Масалиевдин чет өлкөдө операция жасатканын билдирген. Депутат Масалиев өзү соцтармактагы баракчасына 26-августта операция болгонун жазган.