Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов ага кайрылуу келип түшкөнүн айтып, башка өлкөлөрдө абакта отурган Кыргыз жарандарын кайтаруу иштерин жүргүзүүнү суранды.
«Менин дарегиме Зулайка деген ападан кайрылуу келип түштү. Анын Айзада деген кызы Түркияга жолдошу менен чогуу иштегенге кеткен экен. Жолдошу куруучу болуп иштечү деди. Алдамчы, шылуундардын азабынан Ирак менен Сириянын ортосундагы чек арага түшүп калышыптыр. Жолдошу азыркыга чейин дайынсыз дейт. Айзада болсо, Ирактын абагына кесилип кетиптир. Ал абакта 40тан ашык кыргыздын кыз-келиндери бар экен. Апалар бар экен. Ушул боюнча иш алып баруу зарыл. Ошолорду Кыргызстанга алып келүү боюнча тапшырма берилсин», — деди ал.











