Садыр Жапаров Түркиянын парламентинин төрагасы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Анкара шаарында Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Соода-экономикалык өз ара мамилелерге токтолгон президент Садыр Жапаров Түркия рыногунда кыргыз продукцияларын көбөйтүү, өнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү, айыл чарба, текстиль, тоо-кен жана гидроэнергетика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.

Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз өлкөсүнүн өсүп-өнүгүшүн каалады. Ал эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр жетишилген келишимдердин алкагында кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди. Мустафа Шентоп Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуялар маалында каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи. Ал түрк тараптын соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүүгө, колдо бар потенциалды эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.