Түркмөнстан газ менен электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүүгө даяр

Кыргызстан Түркмөнстан үчүн келечектүү өнөктөш, бирок быйылкы товар жүгүртүү көлөмүнүн өскөнүнө карабастан, жалпысынан эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогору деп эсептөөгө болбойт. Бул тууралуу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 28-июнда Садыр Жапаров менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, кеңири кызматташуу үчүн тоскоолдуктарды четтетүү керек. Ал күн тартибинде турган негизги маселелер катары жалпы тынчтыкты, туруктуулукту сактоо жана колдоо, террордук коркунучтарга каршы туруу жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу деп атады.

Кыргызстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар экология, айлана-чөйрө темасы боюнча өз ара кызматташууга да көңүл бурушту. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди бир кыйла жандандыруу керек экенин айтышты. Ошону менен бирге Түркмөнстан Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө тараптар отун-энергетика комплекси, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен көргөзмөлөрдү ырааттуу өткөрүп туруу, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун байланыштарын өнүктүрүү сунуштары айтылды.

Гурбангулы Бердымухамедов энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну сүйлөшүүлөрдүн маанилүү учуру катары белгиледи. Атап айтканда, түркмөн жаратылыш газын жана электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө сөз болду. Бердымухамедовдун айтымында, түркмөн тарап Кыргызстандын бардык муктаждыктарын канааттандырууга жана техникалык, уюштуруу маселелерин талкуулоого даяр. «Мен дагы бир жолу саясий эркимди баса белгилегим келет, биз бул маселелерге даярбыз», — деп билдирди ал.