Шейшемби, 24.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Түрмөнү тоготпой калышты». Президент акыркы убакта бачабаздар көбөйүп жатканын айтты

14:20 04.10.2025
0
«Түрмөнү тоготпой калышты». Президент акыркы убакта бачабаздар көбөйүп жатканын айтты

Сентябрдын аягында 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү өлкөдө чоң резонанс жаратты. Бул кайгылуу окуя коомчулукту терең түйшөлтүү менен катар өлүм жазасына тартуу ченемин киргизүү маселесин күн тартибине алып чыкты. Президент Садыр Жапаров окуянын тергелишин жеке көзөмөлүнө алып, өлкөдө аялдарга жана балдарга карата кылмыштардын алдын алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү демилгесин көтөрдү. Бирок коомдо бул сунуш боюнча ар түрдүү пикирлер айтылууда. Ушуга байланыштуу мамлекет башчысына «Кабар» агенттиги бир нече суроолорду узатты.

— Айсулуунун кайгылуу өлүмүнөн кийин сиз президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгына тиешелүү мыйзамдарга кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш алып барууну тапшырдыңыз. Мындай муктаждык эмнеден улам келип чыкты?

— Мындай муктаждык эмнелерден келип чыкканын жалпы коомчулук көрүп турат. Акыркы убакта “педофилдик” кылгандар көбөйүп баратат. Зөөкүрлөр балдарды, жаш кыздарды, аялдарды зордуктап, өлтүрүп жатканы өкүндүрөт. Статистиканы карап көрсөк, төмөнкүчө болуп жатат.

Адам өлтүрүү (Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси)

2021-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 2;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 1;

− аялдар: 36;

− бардыгы: 39.

2022-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 1;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 1;

− аялдар: 41;

− бардыгы: 43.

2023-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 2;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 2;

− аялдар: 21;

− бардыгы: 25.

2024-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 5;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 4;

− аялдар: 34;

− бардыгы: 43.

2025-жылдын 8 айында катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 3;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 4;

− аялдар: 21;

− бардыгы: 28.

Зордуктоо (Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси)

2021-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 21;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 47;

− аялдар: 12;

− бардыгы: 80.

2022-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 34;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 29;

− аялдар: 7;

− бардыгы: 70.

2023-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 44;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 116;

− аялдар: 15;

− бардыгы: 175.

2024-жылы катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 53;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 35;

− аялдар: 19;

− бардыгы: 107.

2025-жылдын 8 айында катталганы:

− 14 жашка чейинки балдар: 20;

− 14төн 18 жашка чейинки балдар: 42;

− аялдар: 19;

− бардыгы: 81.

Мындай статистика бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө бардык өлкөлөрдө өсүп жатат. Алардын аттарын атап, салыштыргым келбейт. Ким кааласа, ачык булактардан карап, көрүп алса болот.

Мына ушундан улам, күчөтүү боюнча тапшырма бердим. Жазаны күчөтсөк, токтойт деген үмүтүбүз чоң. Себеби, түрмөнү тоготпой калышты. Түрмөдө азыр мурдакыга караганда жашоо жеңилирээк болуп калды. Түрмөлөргө режим кирди. Мурда сырттагы үй-бүлө же жакындарынан “тамак киргиз, кийим-кече киргиз, акча киргиз” деп, жардам алып жашашчу. Мындан сырткары, өздөрү түрмөдө олтурганы аз келгенсип “воровской көтөрөбүз” деп акча чогултушуп ууруну да багышчу.

Азыр болсо үч маал тамак менен кийим-кечелери бекер, түрмөлөрдүн ичинде иш менен камсыз болушту, эмгек акы алып жатышат. Тескерисинче, азыр ушул тапта үй-бүлөлөрүнө акча жөнөтүп жаткандар бар. Ошондуктан өлүм жазасын киргизсек, токтойт деп турам. Токтобосо дагы бир кыйла азаят.

— Бул теманын айланасында соцтармакта өлүм жазасын киргизүүдө эң чоң коркунуч катары коомчулук сот жана укук коргоо органдарына болгон ишенимдин төмөндүгүн айтып жатат. Кылмышка тиешеси жок адамдарга карата колдонулуп кетпейби деген чочулоолор бар?

— Андай болбоштун жол-жобосун адистер иштеп чыгышат. Тапшырма бердим.

Азыр XXI кылым. Техниканын заманы. Мисалы, тергөө баштан-аяк видеоматериалдар менен далилдесе, сот процесстери баштан аяк онлайн режимде элге түз көрсөтүлүп турса, күнөөсүз эле адамды өлүм жазасына тартыш кыйын да. Андан сырткары, эки жактын өкүлдөрүнөн сотко катыштыруу маселесин дагы караса болот. Мисалы, кечээки зөөкүрдүн энеси интернет аркылуу элге кайрылуу жасап, «балама эң жогорку жазаны бергенге макулмун» дебедиби.

Ошондуктан сот процесстерге жакындарынан катыштырсак, өз көзү менен көрүп ынанышат да. Адамга өлүм жазасын бериш оңой иш эмес. Ошондуктан абдан дыкат карашыбыз керек. Бул жагын жетимиш өлчөп, бир кесебиз.

— Эгер мындай катаал жаза киргизилсе, анын аткарылыш механизми кандай болот? Бул жаза кайсы кылмыштарга гана колдонулат? Мисалы, ири өлчөмдө коррупция менен кармалгандарга карата да колдонулабы?

— Коррупция маселесин бул жакка такыр аралаштырбаш керек. Бул жерде адам өлтүрүү, өспүрүмдөрдү зордуктоо жөнүндө гана сөз болуп жатат. Эгер коррупцияны аралаштырсак, анда сиз суроо салгандай тиешеси жок адамдар да жазага тартылып кетиши мүмкүн. Себеби коррупцияга байлап, күнөөсү жок эле адамдарды жазага тартып жиберчүлөр четтен чыгат. Пендечилик деген бар да.

Укук коргоо органдары менен мамлекеттик кызматкерлердин арасында бири-бирине душмандашкандар көп. Бири-бирине коррупция менен “жалаа” жабышы мүмкүн.

Киши өлтүрүү, зордуктоо менен “жалаа” жабыш оңой иш эмес. Коррупция боюнча кечээ жакында кабыл алынган мыйзам эле катуу иштеп турса, коррупция жоголот. Коррупцияны мындай эле жок кылабыз, акыры. Жогорку жакта жоголду. Акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөрдө токтобой жатат. Аймактарды өнүктүрүүгө деп бөлүп берген миллиарддаган акчалардын жарымын жеп, калган жарымы менен дагы жыргатып иш жасабай жатышат. Ылдый жак оңолбой жатат. Ал жакта дагы көчтү бара-бара түздөйбүз.

Уурдагандардын баарын кайтартабыз. Кайда, канча акча бөлүндү, кайсы жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы желип кетти деген тапшырмам боюнча бардык жактарда комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгы декабрдын аягы же январь айында чыгып калыш керек. Жыйынтыгы менен чараларды көрөбүз. Биздин көйгөй азыр балдар менен аялдарды коргоодо болуп турат.

— Эксперттер мындай жаза өлкөнүн Конституциясына да каршы келерин, ошондой эле Кыргызстан эл аралык келишимдерге кошулуп, өлүм жазасын жоюу боюнча милдеттенмелерди алганын эске салышууда. Өлүм жазасын кайра киргизүү бул милдеттенмелерге каршы келбейби? Бул маселени кандай жол менен чечүүнү сунуштайсыз?

— Бул маселени бийлик өзүбүз билип эле чечип койбойбуз. Эл менен кеңешебиз. Конституциянын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынат. Ошол эле учурда ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес деп

Конституциянын бул беренесинде так жазылган. Башкача айтканда, мамлекет адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуудан коргоого укугу бар. Коомчулук балдарыбыздын жана аялдардын кол тийгис укуктарын коргоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат. Элдин калың катмарынын бул талабы мыйзам аркылуу гана чечилиши керек.

Мыйзамдын долбоору — Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө — биринчи иретте коомдук талкууга коюлат. Андан кийин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын долбооруна корутунду берет.Ал мыйзам долбоору референдумда кабыл алынышы мүмкүн. Башкача айтканда, маселе бүткүл элдик добуш берүү аркылуу гана чечилет. Эгерде көпчүлүк эл колдосо, андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:14 20.03.2026
0

20-март күнү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жалаа жана ушак-айың тарап...

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Райондук соттун чечими менен Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

Райондук соттун чечими менен Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

13:56 23.03.2026
Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды

Бишкек шаарында жылытуу мезгилинин аяктоо мөөнөтү аныкталды

17:19 23.03.2026
Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды

Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды

17:27 23.03.2026
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

10:01 24.03.2026
«Орто-Сай» базарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аким кызматтан бошотулду

"Орто-Сай" базарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аким кызматтан бошотулду

09:50 24.03.2026
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

09:18 24.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү