Тышкы иштер министри Сауд Аравиясынын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Сауд Аравиясынын элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жумду кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыктарын билдиришип, ар кандай тармактардагы кызматташтык тынымсыз өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү зарылдыгына да токтоло кеттишти.

Кыргыз-Сауд мамилелерин чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалап, Казакбаев элчини «Данакер» ордени менен сыйланышын куттуктап өттү.