Тышкы иштер министри Тажикстандын элчисин чакырып, анын колуна протест билдирүүчү нота тапшырды

Бүгүн, 4-июнда Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин протест билдирүүчү нотасы тапшырылды. Бул Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы тажик аскер кызматкерлеринин жана аскердик техникалардын Кыргызстандын аймагына жайгаштырылышына байланыштуу. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына тажик тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын буга чейин жетишилген бардык макулдашууларын, ошондой эле жумушчу жолугушуунун протоколун бузулгандыгы белгиленди.

«Келишимдерге карабастан, Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жооп бербей жана байланышпай, ошону менен чыңалууну басуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн алыс болушары белгиленди. Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек ара аймактарындагы кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн тажик тараптан орнотулган контейнерлерди Унжу-Булак аймагынан алууну, аскер кызматкерлеринин жана аскердик техникаларын чыгарып кетүүнү талап кылды», — деп айтылат маалыматта.