Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстанга Түркмөнстандан электр энергиясы жана газ жеткирүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, түркмөн тараптын демилгеси менен Руслан Казакбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Министрлер президент Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешкен.
«Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы жана жаратылыш газын жеткирүүгө, транспорт, билим берүү жана туризм жаатында өз ара аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду», — деп айтылат маалыматта.











