Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Москвадагы Аскер институтун жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1992-1996-жылдары — Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген;
1996-1998-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;
1998-2000-жылдары — Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кеңешчиси;
2001-2003-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;
2003-2004-жылдары — тышкы иштер министринин орун басары;
2004-2006-жылдары — ШКУнун Аткаруучу катчысынын орун басары (Пекин шаары);
2006-2007-жылдары — Өзгөчө кырдаалдар боюнча элчи, Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
2007-2009-жылдары — Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси;
2009-2013-жылдары — Кыргызстандын Кытайдагы элчиси;
2010-2013-жылдары — Кыргызстандын Монголиядагы жана Сингапурдагы элчиси;
2013-2016-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору;
2016-2018-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү Саясий департаментинин директору;
2018-2021-жылдары – Кыргызстандын Казакстандагы элчиси;
2021-жылдын августунда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.