Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Жээнбек Кулубаев тууралуу эмне белгилүү?

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Москвадагы Аскер институтун жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1992-1996-жылдары — Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген;

1996-1998-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;

1998-2000-жылдары — Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кеңешчиси;

2001-2003-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка бөлүмүнүн башчысы;

2003-2004-жылдары — тышкы иштер министринин орун басары;

2004-2006-жылдары — ШКУнун Аткаруучу катчысынын орун басары (Пекин шаары);

2006-2007-жылдары — Өзгөчө кырдаалдар боюнча элчи, Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;

2007-2009-жылдары — Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси;

2009-2013-жылдары — Кыргызстандын Кытайдагы элчиси;

2010-2013-жылдары — Кыргызстандын Монголиядагы жана Сингапурдагы элчиси;

2013-2016-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору;

2016-2018-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү Саясий департаментинин директору;

2018-2021-жылдары – Кыргызстандын Казакстандагы элчиси;

2021-жылдын августунда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.