Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчисине жооп кайтарды

Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Дональд Лунун сүйлөгөн сөзүнө жооп берди. Буга чейин элчи Кыргыз мамлекетиндеги окуялар боюнча билдирүү жасаган эле. Дональд Лу өз сөзүндө өлкөдөгү кырдаалды мафия тууралуу тасмага окшош деп мүнөздөгөн.

Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчисинин жакында жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган видео кайрылуусунда ички иштерге кийлигишүү жана тергөө ишине кысым көрсөтүү элементтери бар деп эсептейт. «Эл аралык мамилелердей эле улуттук мыйзамдардын принциптери да кандайдыр бир жакшы максатта болсо да аны бузууга болбойт», — деп жазылган Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.