Тышкы иштер министрлиги Кытайдан карызды төлөө боюнча дагы жеңилдик сурады

Кечээ, 16-ноябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Таратылган маалыматка ылайык, кыргыз министри коронавирустун макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам карызды төлөө боюнча жеңилдик берүүдө колдоо көрсөтүүгө көңүл бурду. Казакбаевдин айтымында, Кыргыз өлкөсүндө иштеген кытай компаниялары жана Кытай жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү чаралар көрүлөт. Ал үчүн Тышкы иштер министрлиги жакын арада бул маселелерди кенен талкуулоо үчүн кытай компаниялары жана ишканалары менен тегерек стол өткөрөт.

Ван И эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча активдүү кызматташууну улантууга кытай тарап даярдыгын билдирди. Ал эми тышкы карыз маселеси боюнча кыргыз министринин дагы бир суранычына кандай реакция кылгандыгы тууралуу маалымат жок.

Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызынын 43 пайызы Кытайга туура келет.