«Манас» университетинде өткөн «ФЕТӨ террордук уюму» семинар боюнча иликтөө жүргүзүлөт». Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов билдирди.
31-майда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «ФЕТӨ террордук уюму» деген темада өткөн семинар тууралуу маалымат тараган. Ага байланыштуу, министрликтин өкүлү бул эл аралык университет дүйнөнүн эки боордош элинин ортосундагы достукту чыңдоо механизми катары жана Кыргызстан менен Түркиянын сапаттуу жогорку билим берүүгө болгон умтулуусунун көрүнүшү катары түзүлгөнүн айтты.
«Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашуунун себилишине салым кошпошу керек. Бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий инсууациясынын куралына айланбашы керек», — деп жазылат министрликтин өкүлүнүн билдирүүсүндө.
Авазбек Атаханов бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы жалпы коомчулукка жеткириле тургандыгын билдирди.










