«Викрам Рузахуновду жакынкы арада бошотууга чакырабыз». Тышкы иштер министрлигинен казак элчисине нота тапшырылды

Тышкы иштер министрлигинен казак элчисине нота тапшырылып, кыргыз музыканты Викрам Рузахуновду тез арада бошотууга чакырды.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Казакстанда болуп өткөн массалык башаламандыкка катышты деп шектелип кыргызстандыктын кармалганы тууралуу видео сюжеттин таралышана байланыштуу бүгүн, 9-январда Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасындагы Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев чакырылды. Анда тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров казак элчисине Кыргыз жараны Викрам Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.

Өз кезегинде элчи кыргыз тарабынын тынчсыздануусу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убадалады. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди», — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыков жана Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жаранга байланышкан кырдаал боюнча кыргыз тарабынын өтө тынчсыздануусун билдирди. Ниязалиев казак тарабын Казакстандагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык Кыргыз жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Викрам Рузахуновдун жакындары менен жолугуп, анда бардык жагдайларды тактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана аталган жаранды тезинен бошотуу боюнча бардык мүмкүн болгон аракеттер көрүлөрүн ишендирди.