«Ухожу красиво»: Тилек Токтогазиев министрликтен кеткенин караоке клубда белгиледи

Социалдык тармактарда мурдагы  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин караоке клубда ырдаган видеосу тарады.

Анда Токтогазиев орусиялык “Звери” группасынын “Районы-кварталы” аталышындагы чыгармасын ырдаган. Социалдык тармакта жаш саясатчынын министрликтен кеткенин мекеменин жамааты менен белгилегени сөз болууда.

Жаңы дайындалган премьер-министр Улукбек Марипов буга чейин министрликтердин структурасы өзгөрүп, Токтогазиев жетектеп турган мекеме эми “Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги” деп аталарын айткан. Курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилген. Жетекчиси болуп Аскар Жаныбеков дайындалды.

Ал эми Токтоктогазиев өткөн жылдын 5-октябрында болгон элдик толкундоодон кийин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган эле.