УКМК Атамбаевдин басма сөз кызматын жетектеген Алмаз Үсөновду суракка чакырды

Бүгүн, 3-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда анын басма сөз кызматын жетектеген Алмаз Үсөновду суракка чакырды. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Үсөнов суракта эки саат убакыт болгон. Анда ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин ишине байланыштуу чакырылган. Жана сурак учурундагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча кол койгон.

Белгилей кетсек, 11-февралда Башкы прокуратура Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан 6 иш тергелип жатканын, ал иштер “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө байланыштуу экенин кабарлаган.

Мындан улам Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча   Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган.