УКМК: «Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчү келтирилди»

Бүгүн, 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү суранып маалымат таратты.

Маалыматта булар айтылат:  «Жергиликтүү сот» АМС долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер аныкталып, фактынын негизинде Жогорку Соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын бул ишке тиешеси бар экендиги, ал төгүндөлгүс экени аныкталды. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө тартип комиссиясына сунуш берүү өтүнүчү келтирилди. Эгерде өтүнүч канааттандырылса Калиева кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Мамлекеттик бийликтин бутагы болгон Жогорку Сот жана Соттор кеңеши өздөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей».

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйын берип жатып Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун айтып, эгер тартип комиссиясы макулдугун берсе камакка алынарын билдирген.