УКМК депутат Исхак Пирматовдун кылмыш ишин жандандырды

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго карата кылмыш ишин жандандырды. Бул тууралуу 24.кг сайты өздүк булактарына таянып жазышты.

Маалым болгондой, иликтөө иши 2020-жылдын октябрь айында башталган.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирине кылмыш иши козголгонун айтып, бирок аты-жөнүн ачыктоодон баш тарткан.

“Депутаттардын бири  мындан 8 жыл мурун кылмыш кылып, азыр ал үчүн айып төлөп жатат. Биз чоң суммадагы айыппул төлөө шартын койгонбуз. Азыр жарымын төлөп бүттү”, — деген ал.

Кошумчалай кетсек, 2012-жылы Башкы прокуратура буга чейин Исхак Пирматов жетектеген «Кыргызнефтегаз» ишканасына кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок 2014-жылы аталган ишти кароо токтотулган.