УКМК: «Эгер Сооронбай Жээнбековго бир нерсе чыга турган болсо, аны да жоопко тартабыз»

Биз мына бүгүнкү күнү тергөөнүн жыйынтыгынын негизинде, Курманбек Бакиевге иш козгодук. Алмазбек Атамбаевге иш козгоп жатабыз. Аскар Акаевге издөө жарыяладык. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

«Жээнбековго (ред. экс-президент Сооронбай Жээнбеков) азырынча эч нерсе жок. Эгер Жээнбековго бир нерсе чыга турган болсо, аны да жоопко тартабыз. Бирок азырынча Сооронбай Шариповичке эч нерсе жок. Чыга элек», — деди ал.