УКМК эртеңден баштап Кыргыз мамлекетине чыккынчылык кылгандарды тергөөгө чакыра баштайт

Депутат Таабалды Тиллаев бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден Кыргыз мамлекетине чыккынчылык кылгандардын аттарын атоону өтүндү.

«Бүгүн элдин биригүүсүнө, сиздерди өзгөчө бийликти мындан кийин да колдоо керек болот. Чоң күрөш болот. Буйруса, аягына жетсек, экономикабызга, келечекке да жакшы болмок. Ошондуктан депутаты болобу, өлкө башчы болобу, премьер-министри болобу ушуну ачык айтсаңыз жакшы болот эле. Каалайбызбы же каалабайбызбы айтылышы керек да», — деди эл өкүлү.

«Тергөөнүн кызыкчылыгына жараша азыр фамилияларды ачык айтпайбыз. Бирок бүгүн Кудай буюрса, токтом кабыл алынса, эртеңден баштап тергөөгө чакыра баштайбыз. Ачык айтыш керек, кээ бирлерин эртеңден баштап, мамлекеттен чыгып кетпеши үчүн жоопкерчиликке тарта баштайбыз. Алардын атын айтканга тергөө жол бербейт», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.