УКМК жарандарды соттун чечими жок эле тыңшай алат. Парламент мыйзамды кабыл алды

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеш улуттук коопсуздук органдары боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин биринчи окууда кабыл алды. Анда УКМКга Кыргызстандын жарандарын соттун чечими жок угууга жана видеокөзөмөл жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков парламенттин профилдик комитетинин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин аракети тергөө судьясынын санкциясынын негизинде болорун билдирген.