УКМК 2020-жылдын октябрынан азыркы мезгилге чейин 168 миллиард 287 миллион сом (1 миллиард 945 миллион доллар) өлчөмүндөгү акча каражатын мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда маалымат жыйында айтты.
Анын ичинде 37 миллиард сому акчалай түрүндө, 130 миллиард сомдук мүлк мамлекеттин эсебине өткөн. Жыл аягына чейин дагы 40 миллиард сом мамлекеттин эсебине түшөрүн комитет жетекчиси кошумчалап өттү.
Бул акча кайда коротулган?
- Республикалык бюджетке — 3 миллиард 352 миллион сом;
- Бажы кызматына — 395 миллион сом;
- Салык кызматына — 4 миллиард 394 миллион сом;
- Турукташтыруу фондуна — 16 миллиард 952 миллион сом;
- Жаңы стадион курууга — 12 миллиард 681 миллион сом.
«1174 объектини мамлекетке кайтардык. Анын ичинен 44ү сатылды. Аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги ачык аукциондор аркылуу 8 миллиард 963 миллион сомго сатты. 184 объекти мамлекетке өткөрүп берилди. Алар: пансионаттар, стадиондор, балдар лагерлери, мектептер, бала бакчалар, заводдор, соода аянтчалары жана жер тилкелери», — деди УКМК төрагасы.