УКМК камакка алган акимдин ордуна башка адам дайындалды

Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин аталган кызматта Чынасыл Чыныбаев эмгектенчү. Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматы ал бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы менен кармалганын маалымдаган. Аткаминерге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) менен иш козголгон.

«Чынасыл Чыныбаев мыйзамдын негизинде кызматтан бошотулду. Анын ордуна мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун токтому менен Мелис Өскөмбаев дайындалды», — деп билдиришти мэриядан.