УКМК: “Камчыбек Ташиевдин абалы канааттандырарлык”

Кечээ, 26-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага жатып калганы тууралуу маалыматтар тараган эле. SUPER TV аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматына байланышып, учурдагы абалын сурады.

“Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткан, учурда абалы канааттандырарлык. Дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тынчсыздануу негизсиз”, — деди УКМКнын пресс-катчысы Рахат Сулайманов.