УКМК: «Кыргыз жарандарынын Казакстандагы башаламандыкка тиешеси жок»

«Кыргыз жарандарынын Казакстандагы башаламандыкка тиешеси жок». Бул тууралуу УКМКдан билдирүү таратышты.

«Боордош Казакстандагы кырдаалга, Казакстанда убактылуу жүргөн Кыргыз жарандарынын Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган фактылары боюнча кыргыз коомчулугунун тынчсыздануусуна байланыштуу УКМК төмөндөгүлөрдү билдирет:

Учурда Казакстанда стабилдүүлүктү эртерээк калыбына келтирүү шартында Кыргызстан менен Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнүн ортосунда аймактык коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого багытталган зарыл болгон эки тараптуу байланыштар жүргүзүлүүдө. Мурдагыдай эле учурдагы кырдаалды эске алуу менен практикалык жана маалыматтык өз ара аракеттенүү уланууда. 

Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган жана башка процессуалдык аракеттерге дуушар болгон жакындарына болгон Кыргыз жарандарынын тынчсызданууларына байланыштуу, УКМК Казакстандын компетенттүү органдары объективдүүлүктү камсыз кылат деп ишенет. Себеби, басымдуу көпчүлүгү соода жана тейлөө тармагында иштеген кыргызстандыктар кокусунан көчөдө калып, кармалып калышы мүмкүн. Эки тараптуу каналдар аркылуу Казакстандын компетенттүү түзүмдөрүнө Кыргыз жарандарынын Казакстандагы башаламандыктарга жана талап-тоноолорго эч кандай тиешеси жок экендиги маалымдалды. «Жапайы Арман» каймана аты бар криминалдык «авторитеттин» негизсиз билдирүүлөрүнөн келип чыккан, андан кийин, өзгөчө ушундай оор мезгилде боордош кыргыз-казак күчтөрүнүн ортосуна жик салууга кызыкдар болгондор тарабынан кабыл алынганы Казакстандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жакшы даярдалган маалыматтык чабуулдун уландысы. Жана бул башаламандык аймагын кеңейтүүгө багытталган.

Кармалган Викрам Рузахунов жана ушундай кырдаалга туш болгон башка мекендештерибиз боордошубуз Казакстандагы окуяларды козгогон күчтөрдүн пландарынын бир бөлүгүнүн кезектеги курмандыктары болуп калганын билдиребиз.

Өз кезегинде УКМК жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар ар дайым казак боордоштор менен биргелешкен чараларды көрүүгө даяр жана казак бийлиги муну объективдүү чечип, кызыкдар күчтөр тарабынан кыргыздарга каршы таңууланган риторикага алдырбайт деп ишенет», — деп айтылат билдирүүдө.