УКМК президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайына кылмыш ишин ачты

Президенттикке талапкерлердин биринин жубайы ири суммадагы алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканын кечээ, 7-январда УКМКдан билдиришти. Маалыматта президенттикке талапкерлердин биринин жубайы 2017-2018-жылдары жалпы бизнес жүргүзүү үчүн 5 миллион доллардан ашуун каражат алып, бирок кайтаруудан баш тартып жатканы айтылат. Арыз менен дал ошол ири суммадагы акча каражатын бергем деген чет өлкөлүк жаран кайрылган.

Кийинчерээк жогорудагы шектүү делген адамдын Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова экендиги маалым болду. Талапкердин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Кой-Таш окуялары орун алгандан бери Асановдун жубайы менен уулу жакын адамынын ишмердүүлүгүнөн улам жапа чегип келишет. “Кандай гана ишке айыптоого аракет кылышкан жок? Ал генералдын аялы, мындан ары да жолдошу Курсан Асановду колдой берет. Бүгүнкү күнгө карата талапкердин жубайы шектүү эмес”, — деп жазган жактоочу.

Талапкер буга чейин дебаттын жүрүшүндө өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да укуктары бузулуп жатканын кыйытып, коркутуп-үркүтүүнү токтотуу керектигин айткан.