УКМК Сегизбаевге кол топтоп жаткан Дүйшөнбек Чоткараевдин кармалышы боюнча билдирүү таратты

Кечээ, 27-ноябрда президенттикке талапкер, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чукул жыйын өткөрүп, анда күч түзүмдөрү анын тарапташын, мурунку кесиптешин жана штабда кол топтоо процессин координациялап жаткан Дүйшөнбек Чоткараевди кармап кеткенин айткан. Муну Сегизбаев «Саясий кысым катары баалайм. Бизди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат» деген.

Бул боюнча бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты. Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы УКМКнын ыкчам бөлүмдөрүнүн бири республикага аткезчилик жол менен ташылып бараткан салмагы 22 килограмдан ашуун алтын зер буюмдарынын ири партиясын кармашкандыгы аныкталды. Андан кийин УКМКнын жетекчилиги тарабынан аталган факт боюнча тергөө алдындагы текшерүүнү токтотуу жана конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берүү жөнүндө мыйзамсыз буйрук чыгарылган, жыйынтыгында республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул иштин алкагында УКМКнын мурдагы кызматкери кармалып, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз жооптуу болгон УКМКнын төрагасынын экс-орун басары Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суралган.

Чоткараев 2010-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары, анын ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болгон. Ал эми Абдил Сегизбаев 2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы болуп иштеген.