УКМК суроо салат: «Матраимов боюнча иш сотко өтүшү керек беле?»

«Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши сотко аштыбы? Материалдар өткөрүлүп берсе, анда кайсы сот караганы жатат?» деген суроо менен бүгүн, 20-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматына кайрылдык.  Буга карата УКМКнын маалымат кызматынын өкүлүнөн «Иши сотко өтүшү керекпи? Ал казынага мамлекетке келтирген зыяндын ордун толуктап, акча каражатын которуп жатат да. Бул тууралуу бизге расмий кат жолдогула» деген жоопту уктук.

Экономикалык амнистия боюнча мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда депутат Дастан Бекешев авторлордон Райымбек Матраимовдун иши да ушул амнистиянын арты менен жазадан кутулуп кетпейби деп суроо салып тактаган эле. Алар бул амнистиянын коррупция беренесине тиешеси жок дешкен.

Буга чейин маалымат жыйын берген учурунда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекетке келтирилген 2 миллиард сомду Райымбек Матраимов кайтарып бергенин айтып, ага карата ачылган кылмыш иши токтотула электигин жана уланарын айткан эле.

Райымбек Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Бирок тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде камакка алынган эмес. Декабрь айында адегенде Райымбек Матраимов, ага удаа эле жубайы Уулкан Тургунова АКШнын “кара тизмесине” кирген.