УКМК убада кылган 2 миллиард сом казынага түшкөн жок

Ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан айтылган сумманын 32 пайызын гана которду. Финансы министрлиги берген маалыматка ылайык, ал 30-ноябрга карата 646 миллион 300 миң сом которгон. Матраимов калган сумманы качан берери азырынча белгисиз.

Райымбек Матраимов 20-октябрда УКМК тарабынан кармалып, бирок тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде камакка алынган эмес. УКМК Матраимовдун мамлекетке эки миллиард сом зыян келтирди деп шектелип жатканын, аны шектүү төлөөгө макул болгонун жана 80 миллион сомун дароо которгонун маалымдаган. Калган сумманы Матраимов ноябрь айынын аягына чейин бюджеттин эсебине которорун УКМК билдирген болчу.

Буга кошумча Садыр Жапаров аны камакка албоо саясий чечим болгонун моюнуна алган. «Матраимов мамлекеттен алганын, мыйзамсыз байыган мүлктөрүн, акчасын Кыргыз өлкөсүнө алып келип берейин деп айткан» деген журналисттерге Жапаров.