УКМКга суракка чакыртылган Максат Кунакунов митингде эмне деп сүйлөдү эле?

Бүгүн, 30-ноябрда Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Максат Кунакунов УКМКга суракка чакыртылды. Кечээ, 29-ноябрда БШКнын алдына митингге чыккандардын арасында бул талапкер бар болчу. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын кечээ митингде сүйлөгөн сөзүнө көңүл бурду.

Максат Кунакунов чогулгандардын алдына чыгып, Кыргызстанда 30 жылдан бери бирдей эле иш кылган бийлик отурганын айтты. «Кылган иштери бирдей болуп жатат. Ар бир шайлоо башаламандык, эки жүздүүлүк менен өтүүдө. Ленин шайлоо округунда да мыйзам бузуулар көп болду. Бийлик киришпейт дегени менен андай болгон жок. Акча таратылып жатты деп айтылды. БШКнын ичинде көп мыйзам бузуулар болду. Ошондуктан шайлоо жокко чыгарылсын! Мындай болбойт. Азыр энергетикада каатчылык болуп жатат. Бул азыркы министрдин шалаакылыгы. Бул электр энергиясы менен февралга араң жеткени жатабыз. Бул жайында суунун баарын агызып салгандан болууда. Президент «Мен баарына жооп берем» деди беле?! Эмне анда ал министрди кармап отурат. Бажыда кандай адам башкарып жатат?! Элибиз кыйналууда. Энелер «5400 сом пенсия алам, аны кантип жеткирем?» дейт. Баары бирдей кадамда бара жатышат. Шайлоо жокко чыксын. Жаңы муунду алып келиш керек», — деген ал митингде.