УКМКнын Чек ара кызматын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 18-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү. Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.