Дүйшөмбү, 23.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды

11:03 14.05.2023
0
УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды

Садыр Жапаров кечээ, 13-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздай турган заманбап борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган. Бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттары түзүлгөн. Борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу, түшүнбөстүктөргө каршы аракеттенүү борборлорунун ишин координациялайт.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы дүйнө жүзү боюнча маалыматтык технологиялардын жана санариптик экономиканын ыкчам өнүгүүсү айрым тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолуп жатканын белгиледи. Алардын ичинде улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасир этүүчү жагдайлар да бар. Президент баса белгилегендей, азыркы замандын мындай чакырыктарына каршы турууда өлкөбүздө активдүүлүк менен түзүлүп жаткан санариптик инфратүзүмдөрдүн жана кызматтардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу – абдан маанилүү маселелердин бири. Ушуга байланыштуу бүгүн УКМКнын маанилүү объектиси – Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылууда.

Садыр Жапаров учурда улуттук экономиканы санариптик трансформациялоо багытында жигердүү кадамдар жасалып, жарандардын заманбап электрондук кызматтарга жетишүүсүн камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшалып жатканын эскертип өттү. Бул багыттар мамлекеттик өнүктүрүү программаларынын алкагында артыкчылыктуу багыттар деп эсептелип, аларды ишке ашыруу мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө.

“Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы тутумундагы бул жаңы багыт азыркы учурда калыптануу стадиясында десем болот. Ошентсе да акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда”, — деп белгиледи президент жана бул иштин актуалдуулугу эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү динамикалык процесстерге, ошондой эле дүйнөдөгү аскердик-саясий окуялардын кесепеттерине байланыштуу экенин кошумчалады.

Мындан улам мамлекет башчысы киберкоопсуздук чөйрөсүндө чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жана өнөктөштөрдүн ийгиликтүү иш-аракеттерин эске алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Мамлекет тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана тиешелүү иштердин инновациялык багыттарын ар тараптуу колдоо боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүүдө. Мындан тышкары мамлекет мындан ары да натыйжалуу иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат. Ал мындай аракеттер өлкө коопсуздугуна таасир эте турган ички жана тышкы коркунучтарга өз убагында бөгөт коюуга жөндөмдүү болгон атайын кызматтын жаңы моделин түзүүгө бекем негиз болооруна ишенимин билдирди.

 

1 / 6
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:14 20.03.2026
0

20-март күнү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жалаа жана ушак-айың тарап...

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары жана орун басарлары шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 18.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, тиешелүү токтом кабыл алынды. Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагалыгына...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

08:56 23.03.2026
Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

11:01 23.03.2026
ИИМ башчысы коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пулга жыгылды

ИИМ башчысы коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пулга жыгылды

13:37 23.03.2026
ИИМ башчысы коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пулга жыгылды

ИИМ башчысы коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пулга жыгылды

13:37 23.03.2026
Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

11:01 23.03.2026
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

08:56 23.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү