УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев камакка алынды

Бүгүн, 25-январда УКМКнын мурдагы төрагасы, өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Абдил Сегизбаев Аскердик прокуратура тарабынан кармалды. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратура таратты.

14-январда буга чейин Алмамбет Шыкмаматовдон жана башкалардан түшкөн арыздын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши каттоого алынган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевди Кыргыз Республикасынын калкынын алдында атайын дискредитациялоо жана аларды кылмыш жасагандыгына айыптоо боюнча мыйзамсыз аракеттер фактысы менен кылмыш иши ачылганы маалымдалат.

«Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголду», — деп жазылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

УКМК менен Башкы прокуратура жүргүзгөн иликтөөдө Сегизбаевдин күнөөлүү экендиги боюнча далилдер табылды деп айтылат. Буга байланыштуу ал кармалып, Бишкек ШИИББинин тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин эртең менен саат 10:00дө суракка кирип кеткен бойдон чыга электиги кабарланган эле.