УКМКнын төрагасы: «Азык-түлүк боюнча 3 министр керт башыңар менен жооп бересиңер. Иштегиле»

«Азык-түлүк боюнча 3 министр керт башыңар менен жооп бересиңер. Иштегиле». Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта антикризистик чаралар боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо финансы министри, экономика министри, өзгөчө кырдалдар министринин персоналдык жоопкерчилигин караш керек. Эл азык-түлүктүн тартыштыгы болбой турганын билиши шарт, иш-чаралардын планын аларга жеткирүү зарыл. Эртең май түгөнүп калганда май жок калды деп отурбайлы. Алдын ала келишимдерди түзгүлө. Маселе жаралса, ушул үч министр башы менен жооп берет. Иштегиле», — деди Ташиев.