УКМКнын төрагасы: «Иликтөөлөр менен журналисттин кармалышынын байланышы жок»

«Temirov LIVE каналындагы иликтөөлөр менен иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышынын байланышы жок. Иликтөөлөрдө айтылгандын баары карандай калп, жалган жалаа. Ал жерде мен эч кандай коррупцияга аралашып, мамлекеттен бир нерсе уурдаган эмесмин». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Болот Темировду тааныбайт жана коомго белгилүү журналист эмес. «Ал чет элдик гранттарды алып, ошолордун эсебинен бийликти алсыратуу, бийликти коомго жаман көрсөтүү боюнча программаны ишке ашырган жалданма журналист. Коомдогу бир-эки жакшы окуяны чагылдырган эмес, бир гана терс маселелерди айтып келет, алардын 90 пайызы жалган. Саясатта жүргөн 20 жылымда бир дагы жолу журналистти сотко берген эмесмин. Болот Темировду сотко берейин, артынан түшөйүн, куугунтукка алайын деген деле оюм жок», — деди УКМКнын төрагасы.

Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти.