УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев митингге чыккандарды кабыл алды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 24-майда сот системасынын өкүлдөрүнө жана прокурорлорго каршы чыккан митингчилер менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, митингдин катышуучулары жана уюштуруучусу Мухтар Шарипов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолугушуп, жөнөкөй жарандарга карата тергөө жана сот иштери жүрүп жаткандыгы, ошондой эле адвокаттардын, эксперттердин, прокурорлордун жана судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө өз билдирүүлөрүн айтышты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы митингчилердин бардык катышучуларына, Улуттук коопсуздук органдары арыз ээлеринин ар бир кайрылуусу УКМКнын компетенциясына ылайык жана мыйзамдын чегинде каралаарын белгиледи.