УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага жатып калды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага жатып калды. Бул маалыматты аталган комитеттин басма сөз кызматы тастыктады.

УКМКнын маалымат катчысы Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтып, тынчсыздануунун зарылчылыгы жок экенин билдирди. Бирок маалымат катчы Камчыбек Ташиевдин эмне себеп менен жана кандай диагноз менен ооруканага жаткырылгандыгын айткан жок.

Кечээ социалдык тармактарда Ташиевдин абалы начарлап, ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган эле. Айрым маалыматтарга караганда Камчыбек Ташиевдин жүрөгүнөн маселе жаралып ооруканага түшкөн.