УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Самаркандек айылынын тургундары менен жолукту (сүрөт)

Бүгүн, 15-мартта Баткен облусунун Самаркандек айылында УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен жергиликтүү калк ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарындагы жашоочулар туралуу маанилүү маселелер талкууланды. Ташиев тургундарга кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин баса белгиледи.

Ошондой эле, ал аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын айтты. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.