«Укугу барбы?». Депутат Сурабалдиева «Не сахар» долбоору боюнча суроо салды

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «Не сахар» долбоорунун тартуучу тобунун аракетине нааразы болуп, топтун жүрүм-туруму канчалык мыйзамдуу экенине кызыкты. Бул тууралуу ал парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында суроо салды.

«Не сахар» долбоору бар. Көргөнсүңөр да туурабы? Социалдык тармактарда резонанс жаратты. Камералар менен менчик ишканага кирип барып жатышат. Менеджер кыз абдан туура, мыйзам чегинде талап кылып, коргоп атат. Бирок жигиттер андан ары камералары менен кирүүдө. Анын үстүнө бул адамдардын депутатка түздөн-түз тиешеси бар. Жигиттер кандайдыр бир партия менен байланышта экенин карап көрөлү. Бул учурда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилеби? Ооба, популизмдин арты менен элге жагынууга аракет кылгандар бар. Анан бизнести ансыз деле туш тараптан кысып жатканда, ушундай популисттер ушундай иштерди жасай беришеби? Аларды ким коргойт? Экономика министринин орун басары катары буга кандай карайсыз?» — деп депутат сурады.