Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери же алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кызматтык турак жайларды менчиктештирүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Турак жай кодексине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык кызматтык турак жайларды 20 жана андан ашык жыл иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ал эми алар каза болгон учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө түз сатуу жолу менен менчиктештирүүгө жол берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул мыйзам долбоорунун авторлору депутаттар Кубанычбек Самаков менен Эльдар Сулайманов.