Укук коргоочулар Ташиевдин улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтып чыгышты

Жарандык көзөмөл комитети “УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, соттук укукту узурпациялап, парламентти коркутуп жатат” деген билдирүү таратты. Аталган комитеттин укук коргоочулары өз кайрылуусунда Соттор кеңеши тарабынан БУУнун соттордун көз карандысыздыгы боюнча атайын докладчысына чукул билдирүү жөнөтүүгө чакырат. Анда соттук бийликтин башчысын камоого байланыштуу Камчыбек Ташиев тарабынан коркутуу болуп жатканы камтылышы керек делет. Жарандык көзөмөл комитети камоо тууралуу бөгөт чарасын УКМКнын башчысы эмес, сот гана чечет деп эскерткен.

Өткөн аптада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун билдирген.