Улан Карыпбеков мамлекеттик агенттиктикке директор болуп дайындалды

Улан Карыпбеков Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Буга чейин бул кызматты Элчибек Жантаев аркалап келген. Ал бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды.