Уланбек Усеков Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Уланбек Усеков Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Бүгүн, 24-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Уланбек Усековду министрликтин жалпы жамаатына тааныштырган.

Мурдагы биринчи орун басар Талантбек Бекташов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык бошотулду.