Улукбек Кармышаков президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кармышаков Улукбек Тойчуевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Кармышаков буга чейин экономика жана финансы министри болуп эмгектенип келген.